Бишкекте аялын сабоого шектелип күйөөсү кармалды

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

9-февраль күнү милицияга А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жолдошу аны сабап, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн шектүүгө милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертүү беришкен. Коргоо ордерин берип жана райондук сотко жеткирилип административдик чаралар көрүлгөндүгүнө карабастан жубайына карата зомбулук көрсөтүүнү уланткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан