Жогорку кызмат адамдарына интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет группасы аныкталып, анын администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, УКМК тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору И.К.Д кармалды.
Ага ылайык, И.К.Д. 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, “Instagram” жана “Tik Tok” социалдык тармактарында белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000 доллардан 10 миң долларга чейин бааланып турган. Ошондой эле ал кыздардын Дубай аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун да уюштурган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз иштерди колдоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.