Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери өрт чыккан көп кабаттуу үйдөгү батирден балдарды аман-эсен куткарып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык тууралуу маалымат 102 кызматына 12-февралда таңкы саат 06:15 чамасында түшкөн.
Ага ылайык, жерине ыкчам-тергөө тобу жана өрт өчүрүүчүлөр келген. Милиция кызматкерлери жалын чыккан батирдин ичинде калып кеткен өспүрүм кызды жана 4 жаштагы баланы аман-эсен алып чыгышкан.
"Куткарылган балдар Тез жардам кызматынын дарыгерлеринин көзөмөлүнөн өткөн соң апасына тапшырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт шаардын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталган", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 15 миң чарчы метрди жалмаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.