Лейлек районуна коңшулаш аймактан аткезчилик жолу менен мал алып кирген жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын “Курсай” деген участкасында 8-февралда түнкү саат 05:40 чамасында 53 баш кой, 41 баш козусу менен коңшу өлкөдөн Кыргызстанга өткөрүп жаткан жеринен Раззаков шаарынын Чимген айылынын 26 жаштагы М.О. аттуу тургуну кармалды.
"Аталган кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.