Өлкөдө мындан ары жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрук 7-февралда чыккан. Ага ылайык мындай талап бардык окуу жайларына тиешелүү.
“Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт”, - деп айтылат билдирүүдө.
Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.
Былтыр 17-июлда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилди.