Бишкекте баңгизат сатууга жана даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-февралда Бишкек ШИИББинин баңгизат менен күрөшүү кызматына борбор калаада белгисиз адам афган тектүү баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалып, тинтүү учурунда андан 1 килограмм 100 грамм болгон өзгөчө жыты бар зат табылган. Тиешелүү экспертиза тарабынан табылган зат гашиш (Афган чарсы) экендиги аныкталган.
Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш ишин иликтөө уланууда.