Бишкекте былтыр 30-ноябрдан баштап "Притон-Көпөлөк" аталышындагы рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери сауналарды, мейманканаларды жана батирлерди текшерип, интим кызмат көрсөткөн 1 500дөн ашык кызды аныкташкан. Алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 97 кыз кайрадан милиция чакырылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 14 шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси( Сойкулук кылууга тартуу) жана 160-беренеси( Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.