"Өзгөчө куттуктоо күтпөйм деле". "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы Ирлан Таалайбеков 35 жашка чыкты

Бүгүн, 14-февралда "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы жана тамада Ирлан Таалайбеков 35 жашка толуп, туулган күнүн белгилеп жатат. Ырчыны SUPER.KG порталы куттуктап байланышканыбызда, жеке майрамын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.

"Туулган күндү кечинде карындаштарым, бир туугандарым бир жерге дастаркон жайып чакырышты. Ошол жерге үй бүлөм менен барып, күйөө балдарым менен тособузго. Мен негизи туулган күнгө көп деле маани бербейм. Үчүнчү классыман бери музыка, даңкылдак-дүңкүлдөктөрдүн үстүндө келе жаткандыктанбы билбейм, айтор туулган күндү шан-шөкөт менен билгилебейм деле. Анан дагы аябай күтпөйм. Ошондой эле бирөөдөн деле өзгөчө куттуктоо күтпөйм. Мен өзүм да башкаларды куттуктаганды унутуп калам. Балдарымдыкын эле эстейм.

Өздүк майрамымды биринчилерден болуп Таластык инилерим куттукташты. Кечинде чогулуп калган элек. Учурдан пайдаланып куттуктагандардын барына ыраазчылык билдирем!" - деди ал.

Ырчы азыркы тапта сахнадан алыстап, тойлордо тамадалык менен алектенип келет. Ошентсе да чыгармачылыкта элге жаңы ырларын тартуулоодо. Былтыр "Энекем" аттуу репертуарын чыгарса, быйылкы жылы "Гүлайна" деген той ырын чыгаруу алдында турат.

Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Сахнага “Окуучу кыз”, “Кош бол” жана ошондой эле Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап чыгып, өз күйөрмандарын таба алган.

Репертуарында "Кыздар, ай", "Өмүр жөнүндө ой толгоо", "Мейли, тагдыр", "Отуздан ашып барамын", "Энекелер, ай" ж.б ырлары бар.

Учурда үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан