Бишкекте милиция кызматкеринен гашиш табылды

Бишкекте гашиш баңгизаты менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, 11-февралда Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна терс таасирин тийгизген жана ар-намысына шек келтирген милиция кызматкерлерин аныктоо иштери жүргүзүлгөн.
Ага ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан А уулу Т, К. Б., Ж.Ы, Б уулу С. аттуу жарандар кармалып, тинтүү жүргүзгөндө алардан өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш баңгизаттары табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын бири Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери экени аныкталып, жанынан милициянын сержанты наамындагы күбөлүгү табылган.
Кармалган А уулу Т., Ж.Ы. соттун санкциясына ылайык камакка алынган.
Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө аралашкан башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
15.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан