Өлкөнүн аймагында акыркы сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бишкек шаарында – 4, Ош шаары менен Ош облусунда – 1ден, Чүйдө – 2, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көлдө – 1, Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.