Өз абоненттеринин мүдөөлөрүн көз жаздымга калтырбастан, алардын дүйнөлүк тармакка кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна кам көрүп келе жаткан MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору сонун жаңылыгы – «Элдики + MegaTV» тарифтеринде интернет-трафиктин көлөмүнүн эки эсе көбөйгөндүгү тууралуу маалымдайт.
Эми интернет-трафиктин көбүрөөк көлөмүн колдонууга болот. Абоненттик төлөмдүн баасы болсо ошол эле бойдон калат!
Бул уникалдуу сунуш сиз үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Элестетип көрүңүз... Сиз көбүрөөк видеолорду көрүп, социалдык тармактарда досторуңуз менен көбүрөөк байланышып, онлайн-оюндарды көбүрөөк ойноп, билим дүйнөсүнө каалашыңызча саякаттай аласыз. Көбүрөөк Интернет ─ күнүмдүк жашооңузда көбүрөөк ыңгайлуулукту жана эркиндикти билдирет. MEGA′да көп ─ бул кымбат дегенди билдирбейт!
Тарифтерде жагымдуу бонустар да бар:
Бирок күтүүсүз жагымдуу белектер ушуну менен эле бүтпөйт. MEGA компаниясы Элдики + MegaTV тизмегинин бардык тарифтери боюнча Интернетти (Wi-Fi) акысыз жана чектөөсүз таратуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт!
«Элдики» тарифтер тизмеги бардык кыргызстандыктардын каалоолорун эске алуу менен иштелип чыккан. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун 3 миллион абоненти бар MEGA-тармагынын ар бир абоненти билим алуусунда, ишинде, жакындары менен баарлашуусунда жана көңүл ачууда өзүнө керектүүсүн таба алат.
«Элдики + MegaTV» тизмегинен 7 же 28 күндүк ыңгайлуу тарифин тандап алыңыз да, жогорку ылдамдыктагы интернетти жана сапаттуу байланышты колдонуудан ырахат алыңыз.
MEGA24 тиркемесинин Жеке кабинети аркылуу, ошондой эле Сатуу жана тейлөө кеңселериндеги адистердин жана промоутерлердин жардамы менен жакшыртылган тарифке өтсөңүз болот.
МААНИЛҮҮ! «Элдики + MegaTV» тарифтик тизмегинде учурдагы абоненттер тарифин жаңылаганда, тарифтин шарттары автоматтык түрдө өзгөртүлөт. Бардык жаңы абоненттер жаңы шарттары менен тарифти дароо кошо алат. Кеңири маалымат компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү.
MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!