Ырчы Каныкей "Маданияттын мыкты кызматкери” болду

Ырчы, обончу Каныкей менен сценарист, кино оператор Максат Жумаев “Маданияттын мыкты кызматкерлери” төш бешлгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 15- февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол коюп, сыйлыкты министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тапшырды.
Чыңгыз Эсенгул уулу өнөр адамдарына сыйлыктарды тапшырып жатып, аларга чыгармачылыктагы ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.
Ырчы Каныкей 1987-жылдын 16-октябрында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011- жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин ийгиликтүү аяктаган.
Учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет.
Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталып, алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50 дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана “Куурчак” аттуу альбомдору бар.
Ал эми Сценарист Максат Жумаев 1985-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктап, инженер адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2003-жылы Тогуз-Торо районунун аймагына тараган "Шанкай" телеберүүсүндө операторлуктан баштаган. Ал кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен, мыкты операторлука жетишкен.
2016-жылы жеке "Asman Cinema" продюсердик компаниясын уюштуруп, бүгүнкү күндө бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Алсак, "Эне жүрөгү", "Туман", "Бажарики", "Үзүлгөн үмүт" аттуу тасмаларды тартса, 2021-жылы "Баары бир тууган" аталышындагы 12 сериядан турган тарбиялык маанилүү сериалдын сценарийин жазып, өзү режиссерлук кылган.
2021-жылы Орусиянын"За заслуги в культуре и искусстве" медалы, "Өлкөнүн кинематографиясынын отличниги" наамына ээ болгон.
Акыркы убакта анын "Жаным" жана "Разбой. Новая глава" аттуу тасмасы жарыка чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан