Сузакта 2015-жылы өлтүрүлгөн жарандын туугандары Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. 8 жылдан кийин кылмыштын бети ачылды

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну, 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен жансыз денеси табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес. Бул ишке байланыштуу өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу жаран аныкталган. Ал мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алды", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган жаран тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан