Эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу уул күтүп жатышат. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн сациалдык баракчасы аркылуу бөлүштү.
Анда алар "гендер пати" уюштурушуп, күтүп жаткан наристеси уул экенин билишкен.
"Аллахыма шугур. Баарыңыздарга ушундай сонун бактылуу көз ирмемдерди каалайбыз!", - деп жазган ырчы айым.
Кызсайкал Кабылова өткөн айда кош бойлуу экенин ачыктап, сүрөттөрү менен бөлүшкөн.
Ырчы жолдошу менен 2022-жылы баш кошушкан.