Ысык-Ата районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору кармалды

УКМК Ысык-Ата районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин М.М. аттуу директорун кармады. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жер тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок "Кадастры" тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилгени аныкталганы айтылат.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жүрүшүндө, УКМК тарабынан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана Чүй токой чарбасынын кызматкерлерине, 1992, 1996, 1999, 2006-жылдарында "Көл-Төр" багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин жасалма протоколдорун пайдалануу менен Кегети "Көл-Төр-1" токойчулугунун жана Токмок "Көл-Төр-2" токойчулугунун аймагында жайгашкан дача тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында жалпы баасы 115 млн 632 миң сомду түзгөн, 33,8 гектар жерге жеке менчик укугу боюнча 39 мамлекеттик акт мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. 15-февралда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Ысык-Ата районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору М.М. кармалып (мурда Чүй-Токмок «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору болгон), УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан