Бишкек шаарынын мэри Азат Раимбердиев менен Бек Исраиловго сыйлык тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эстрада ырчылары Азат Раимбердиев менен Бек Исраиловго сыйлык тапшырды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта ырчыларга Кыргыз Республикасынын маданиятын жана санариптик технологияларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталар тапшырылганы айтылат.

Мындан сырткары, Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгынын урматына ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу белек - кол саат менен Биринчи май районунун Афган согушунун ардагери Бейшеев Жолдошбек Арзыкулович сыйланды.

Ыраазычылык каттары менен сыйланышты:

Зарипов Рафаэль Талгатович - «Vision Labs» компаниясынын биометрикалык идентификация бөлүмүнүн башчысы;
Загретдинов Тимур Гамирович – «Vision Labs» бизнести өнүктүрүү боюнча директору;
Косумбаев Данияр Өмүрбекович – «Vision Labs» компаниясынын консультанты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан