Балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өттү 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен алгачкы жолу балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров, “Ак барак” фондунун директору Уулжан Бектурова жана кичинекей шаар тургундары ата-энелери менен катышты.

Ага ылайык, балдарды өнүктүрүү жана социалдаштыруу максатында өткөрүлүп жаткан фестивалда сөз алгандар өспүрүмдөрдүн коомдогу актуалдуу көйгөйү атайын иш-чарага айланып өтүшү маанилүү экендигине токтолушту.

Учурда дүйнө глобалдашып, маалыматка жетүүнүн жеңилдиги, интернет желесине жайгаштырылган балдар үчүн жасалган контенттердин тийгизип жаткан таасири, ошондой эле өспүрүмдөрдүн калыптануусуна жана тарбияланышына ата-эненин салымы айтылды.

"Катышуучулар өлкөдө балдар үчүн китеп сатып берүү маданиятын калыптандыруу, балдар үчүн чыгармаларды жаратуу жана которуу, басма үйлөрүн жана алардын эмгектерин элге таанытуу, алардын өз ара кызматташуусуна шарт түзүү сындуу маселелерди көтөрдү.
Фестивалдын жүрүшүндө бир катар маанилүү платформалар иш алып барды. Анда, “Балдарды кантип китепке кызыктырабыз?”, “Бүгүнкү балдар эмнелерди окушат?” жана “Баланын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн эмнелер жасалышы керек?” темаларында мастер-класстар тажрыйбалуу эксперттердин катышуусунда коштолду", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми аш адистердин таанытмалары, панелдик талкуулар, балдарга арналган кыргызча китептердин жарманкеси, чакан класстарда аниматорлор, психологдор менен мастер-класстар уюштурулуп, кыргыз, англис тилдеринде балдар менен китеп окуу, жомок окуу сааттары менен коштолду.

Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каржылык колдоосу менен өтүп, “Ак барак” фонду тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан