Чүйдө 17 жашар өспүрүмдү карактоого  шектүүлөр кармалды

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 1984-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар ГЭС-5 аймагында 2006-жылы туулган уулуна кол салышып, анын iPhone 13 жана iPhone 15 Pro Max телефондорун, Airpods Max наушнигин, 150 миң сомун жана Lexus GS 350 унаасын тартып алышканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган Л.Д., 1998-жылы туулган С.Н. жана 2003-жылы туулган Н.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан