Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун дубалынын бир бөлүгү 17-февралга караган түнү болгон катуу шамалдан улам кайрадан кулап калды. Кулаган дубалдын сүрөтүн ЖМКлар жарыялады.
Сүрөттө пескоблоктон тургузулган тосмонун 80-90 метрдей бөлүгү кулап калганын көрүүгө болот. 17-февралда Ысык-Көлдө ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын омкоруп кеткен.
Эске салсак, 2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган. Анда бийлик бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.
Тамчыдагы расмий түрдө “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту деп аталган бул аба майдан өлкөдөгү эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. Ал “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун курамына кирет.