Эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин чыгармачылык кечеси өттү

Бишкекте өлкөнүн Эл жазуучусу, эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, драматург Кайрат Иманалиевдин чыгармачылык кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кече алгач Кайрат Иманалиевдин калемине таандык "Атаке баатыр", "Курманжан датка", "Керээз", "Коркут", "Үмүт", "Актриса" жана башка спектаклдеринен турган атайын коюлум менен башталды.
Коюлум Кыргызстандын драм театрларынын, Казакстандын Астана жаштар театрынын, Азербайжан Мамбетов атындагы Казак мамлекеттик драма жана комедия театрынын, Азербайжан мамлекеттик драма театрынын, Өзбекстан мамлекеттик драма театрынын жана Каракалпакстан мамлекеттик драма театрынын артисттеринин аткаруусунда көрсөтүлдү.
"Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан келген расмий өкүлдөр сөз сүйлөп, эл жазуучусуна чыгармачылык ийгилик жана эргүү каалашты.
Кайрат Иманалиевдин жөнөкөй кызматкерден тарта жетекчилик кызматтарды аркалап, үзүрлүү эмгектенүү менен улуттук маданияттын, адабияттын, телерадио тармагынын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошконун, анын ичинен улуттук драматургиядагы өзгөчө салымын баса белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан