"Жыл сайын жолдошум сюрприз жасайт". Ырчы Аида Макамбаева 33 жашка толду

Бүгүн, 21-февралда өздүк майрамын белгилеп жаткандардын катарында эстрада ырчысы Аида Макамбаева да бар. Ал бүгүн 33 жашка толду. Анын кубанычы менен тең бөлүшүп байланышканыбызда маанайы мыкты экенин айтты.


"Маанайым адбан жакшы. Сиздерге да рахмат, атайын байланышып, эстеп, маанайды көтөргөнүңүздөр үчүн. Туулган күнүм менен биринчилерден болуп жолдошум куттуктады. Андан кийин балдарым, ата-энем, бир туугандарым, кайын журтум. Буюрса жакындарымдын курчоосунда бул күндү белгилейли деп жатабыз. Жыл сайын туулган күнүмдө жолдошум, жакындарым өзгөчө белектерди тартуулап, сюрприз жасап турушат. Бул жылы да бул салт уланат деп ойлом (жылмайып)", - дейт ал.

Ырчы 1991-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Масы айылында туулган.

Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетине тапшырган.

Алгач Асанкалый Керимбаевдин "Гүлдөр гүлгө..." аттуу ыры менен чоң сахнага чыккан. "Кыз-Бурак" тобунда 2007-2013-жылдары ырдап, кийин жеке ырчы катары чыга баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан