"Акыркы сабак" сериалынын баш каармандары, актёр Кутман Айылчиев менен жубайы, актриса Океана Урматбек кыздуу болушту. Мындай сүйүнүчтүү жаңылыкты алар социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.
“16-февраль биздин үй-бүлө үчүн маанилүү күндөрдөн болуп калды. Эми бул күн Кутмандын гана туулган күнү эмес, кызыбыздын да туулган күнү”, - деп жазышкан алар.
Белгилей кетсек, жаш жубайлар 2022-жылдын жай мезгилинде баш кошушкан.