Президент Садыр Жапаров 21-февралда Казань шаарында «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.
Салтанаттуу аземди Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөп ачты. Иш-чарага Орус лидеринин чакыруусу менен Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты.
Мамлекет башчылары өз өлкөлөрүнүн оюнчулары менен эне тилдеринде саламдашышты. Ачылыш аземден кийин президент Садыр Жапаров башка мамлекет башчылар менен биргеликте «Келечек оюндары» инсталляциясын жана «Digital Sport» жаңы дисциплиналары боюнча арт-объекттерди көрүп чыкты жана «Dota-2» жана «Фиджитал-футбол» дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырып, мында машыгууларга жана командалардын оюндарына байкоо жүргүздү.
«Келечек оюндары» – жогорку технологиялык спорттук шоу, ал өзүнө спорттун классикалык түрлөрү боюнча гибриддик спорттук мелдештерди жана алардан санариптик үлгүлөрүн камтыйт. «Оюндар» 2024-жылдын 21-февралынан 3-мартка чейин өткөрүлүүдө. Турнирге 107 өлкөдөн келген 270тен ашык команда жана 2000ден ашуун спортчулар катышууда.