Бишкекте мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталып, 48 адам кармалды (видео)

Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарды уюштурган жай аныкталып, 48 адам кармалып, суракка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз кумар оюндарды уюштуруп, ар кандай мамлекеттик мекемелерден имараттарды (кафе, оюн-зоок борборлору жана башка) ижарага алышкан.

Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О. да кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат кумарканаларды мыйзамсыз уюштургандар Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) ылайык үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылып, бардык мүлкү жана ортого коюлган акчалар мамлекетке алынарын эскертет.

Мыйзамсыз иштеген кумаркана аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан