Чаначев Улан Белекович Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 21–февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.