Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 24-февралда Бишкектеги тойканалардын биринде кызы Бегайымдын кыз узатуу тоюн өткөрдү.
Тойдо тартылган видеолордон Асел Турдалиеванын коноктордун алдына кызын ырдап алып чыкканын көрүүгө болот.
"Кызыңды турмуш жолуна узатуу - оңой эмес экен. Бактылуу бол жан кызым!", - деп жазган Турдалиева социалдык тармактагы баракчасына.