ЖКККББнын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков үй камагына чыгарылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков 2-апрелге чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы А.Н. менен автомектептин директору И.М. 2-апрелге чейин камакка алынды.
Эске салсак, ушул жылы 20-февралда УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, аны менен кошо ведомствонун техникалык бөлүмүнүн жетекчисин жана автомектептин директорун кармаган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, башкармалыктын кызмат адамдары коррупциялык схема түзүшкөн. Алар автоунаага газ баллон жабдуусун орнотууга уруксат берүү үчүн жарандардан акча алып келишкени айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан