Жылнаама: Бегимай Бекбоева көзү тирүү болгондо бүгүн 34 жашка чыкмак

Бүгүн, 27-февралда маркум ырчы Бегимай Бекбоева көзү тирүү болгондо 34 жашка чыкмак. Ырчы мындан бир жыл мурда 17-январда жүрөк оорусунан улам бул дүйнө менен кош айтышкан. Бул ирет SUPER.KG порталы ырчыны эскерүү иретинде анын чыгармачылыгы, жеке жашоосуна токтолду.

Бегимай Бекбоева 1990-жылдын 27-февралында Нарын шаарында туулган. Алгачкы жолу сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан. Ырчы бир нече тасмаларга тартылган.

Ал алгач ирет “Кылмыш” тасмасына тартылган. Анда Бегимай Бекбоева ролун мыкты жараткан. Кийинчерээк Айбек Карымов режиссёрлук кылган “Эгиз тагдыр” тасмасында терс каарман Айкыздын ролун аткарган. Мындан тышкары анын репертуарында "Сүйүү ыргактары", "Арзуу", "Кусалык", "Алыстарга", "Жаш жигит", "Атама" аттуу жана башка бир канча ыр жыйнактары бар.

Ырчынын ата-энеси да маданият чөйрөсүндөгү инсандар. Атасы обончу, аткаруучу Токторбек Бекбоев, апасы куудул жана актриса Жаңыл Кудайбергенова.

2017-жылы ырчы "Сүйүүмдү таптым, жакында турмушка чыгам, сөйкө салып кетишти. Кайненем мени жактырып сүйүнүп жатат" деп жеке турмушунда боло турган өзгөрүүнү жар салган.

2019-жылы дарыгерлер ырчынын баш мээсинде шишик бар экенин аныкташкан. Ошол эле жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда башына операция жасалып, шишикти алып салышкан.

Ошол эле жылы ырчы ушул жылдын май айында турмушка чыкканын айтып, жакында "эне" статусуна ээ болорун билдирген.

"Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам", - деген ырчы интервьюларынын биринде.

2020-жылдын 22-март күнү тун наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты дагы бир жолу ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

27-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан