Алып баруучу Нурзат Токтосунова алгачкы жолу антраксыз, бийсиз той алып барды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн музыкасыз, антраксыз, бийсиз той алып бардым. Келинди кыздар алып чыгышты. "Нур кыздар" салават группасын ачтым. Мындан ары ислам иш-чараларында салават айтышат. Бата берип койгула. Өтө сүйүнүп турам", - деп жазган ал.
Буга соц.тармактын колдоонуучулары Нурзат Токтосунова арабдардын идеологиясын, салтын алып келип кыргыздын тарыхын, салтын жана маданиятын талкалап жатканын айтышкан.
"Тилинен чаң чыккан Нурзат кыргыз элинин кызы элеңго. Мынча бат өзгөрүп, кыргыздын салтын, маданиятын чанып кеттиң же сатылдыңбы?