Жети өлкөдө тартылган "Бейиш эненин таманында" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү (видео)

Бүгүн, 28-февраль күнү Бишкектеги кинотеатрлардын биринде президенттин колдоосу менен тартылган режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Анда Руслан Акун аталган фильм жети өлкөдө тартылып, жалпысынан 14 айда жаралганын билдирди. Режиссёр муну карьерасындагы эң масштабдуу тасма экенин белгилейт.

“Бул тасма мен буга чейин иштеп көрбөгөн жанрларды камтыйт. Идеясы таланттуу актёр Болот Тентимишовго таандык. Ал Эмил Эсеналиевге айтып берип, фильмдин сценарийин түзүп чыкканбыз. Актёрлор менен иштешүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок, тескерисинче ырахат тартуулады”, - деди ал.

Ошондой эле кинону жашыруун тартып жайылткандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Ал эми тасманын башкы каарманы Адилдин образын жаратуу учүн Эмил Эсеналиев эки ай даярданганын айтат.

“Түркиянын Анталия шаарынын базарында, көчөлөрүндө элди аралап жүрүп, кылдаттык менен даярдандым. Съёмканын ар бир учуру эсте калып, кызыктуу окуяларга бай болду”, - дейт Эсеналиев.

Тасма дээрлик эки жарым саатка созулду. Көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып, кино жаратуучуларына ыраазычылык билдирди.

Жети өлкөдө тартылган "Бейиш эненин таманында" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан