ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов кызматтан алынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кызматтан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар тастыкташты.

Ал кызматтан бүгүн, 29-февралда бошотулган.

Бул боюнча ЖККББнын басма сөз кызматына байланышканыбызда Азамат Исраилов күндөгүдөй эле жумушта отурганын айтышты.

Белгилей кетсек, 20-февралда УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, аны менен кошо ведомствонун техникалык бөлүмүнүн жетекчисин жана автомектептин директорун кармаган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, башкармалыктын кызмат адамдары коррупциялык схема түзүшкөн. Алар автоунаага газ баллон жабдуусун орнотууга уруксат берүү үчүн жарандардан акча алып келишкени айтылган.
Кийинчерээк сот Канатбек Кубатбековду үй камагына чыгарып, техникалык бөлүмдүн жетекчисин СИЗОго камаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан