Актёр Алайбек Тойчубеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

Кино актёр Алайбек Тойчубеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты министр Алтынбек Максутов тапшырды.

Тойчубеков Алайбек Жанибекович 1971-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында билим алган. 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келип, Караколдогу драма театрда иштеп баштаган.

Андан соң ишин Орусияда улантып, Орусиянын бир катар кино жана телесериалдарында 70тен ашык ролду жогорку чеберчиликте аткарган.

Учурда ал Кыргызстан менен Орусиянын Роскызматташуусунун алкагында Орусия мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында “Актёрдук чеберчилик” багыты боюнча билим алып жаткан кыргыз студенттеринин жетекчиси (кыргыз тайпасынын куратору) болуп эмгектенет.

Аталган төш белги Алайбек Тойчубековго искусство тармагында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана талантуу жаштарга чыгармачыл багыт көрсөткөн эмгегин эске алуу менен тапшырылды.

Алайбек Тойчубековдун аты Кыргызстанда көпчүлүккө белгилүү болбогону менен ал Орусиянын кино дүйнөсүн багындырып жүргөн таланттуу кыргыз актёрлорунун бири.

Чыгармачыл карьерасында көптөгөн образдарды жаратып, белгилүү орус тасмаларында атактуу актёрлор менен иштешип келет. Мисалы, Марат Башаров, Лев Дуров, Юрий Назаров, Анна Снаткина, Дмитрий Нагиев, Андрей Панин, Александр Домогаров, Ф.Добронравов. А .Гуськов, А.Мерзликин жана А.Петров ж.б. менен чогуу иштегени белгилүү.

Ермак (1996), Сатисфакция (2005), Сталин. Live (2006). “София”, “Морозова” Интерны (2012) сындуу бир катар белгилүү тасмаларда тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан