Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы Кыргызстандан убактылуу көчүп кетти. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда ырчы жолдошунун жумушуна байланыштуу убактылуу көчүп кеткенин айтып, кайсы өлкөдө болорун ачыктаган жок.
"Жүз уктасам түшүмө кирбеген жаңылык болуп кетти. Балдарым менен чогуу чет өлкөгө убактылуу көчүп кеттик. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу болду", - деп жазды Айпери Кубик кызы.