"Өмүр", "Гүлдөй жан", "Фаридам" ырларынын автору, Кыргыз эл артисти Асылбек Өзүбеков бүгүн 66 жашка чыкты

Бүгүн, 1-мартта актёр, обончу жана композитор, ырчы ошондой эле театр жана кино актёру Асылбек Өзүбековдун туулган күнү. Ал 66 жашка чыкты.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. Орто мектепти 1975-жылы аталган айылдан аяктап, ошол эле жылы Ташкенттеги Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун "Драма жана кино актёру" факультетинин кыргыз студиясына тапшырып, 1979-жылы бүтүргөн.

Анын эң алгачкы эмгек жолу 1979-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын актёру болуп башталган. Ал эми 1990-2013-жылдары Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеген "Туңгуч" театрында иштеген. Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма теарынын директору.

Анын өзү авторлук кылган бир нече обондуу ырлары бар. Алар: "Өмүр", "Арман, ай", "Гүлдөй жан", "Алтын шакек", "Фаридам", "Кош жылдыз", "Дилбарым", " Ярулу ак куу", " Кино, кино" жана башкалар. Ошондой эле "Боз салкын", "Апамдын махабаты", "Күлкүлятор" тасмаларына тартылган.

Асылбек Өзүбековдун кубанычы менен тең бөлүшүү үчүн жеке өзүнө байланыша алган жокпуз. Бирок ошентсе да SUPER.KG порталынын жалпы жааматы аны бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!

1-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан