Бишкекте коомчулукта талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектакли кайрадан коюлду (сүрөттөр)

Кечээ, 1-март күнү Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Күн кармаган бала” спектакли кайрадан коюлду. Бул туралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачылык жамааты аталган спектаклди шаар тургундарына жана келген конокторго тартуулашты.
Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана расмий чакырылган өкүлдөр күбө болушкан.
"Эдил Байсалов Ысык-Көл облустук драма театрынын эки күндүк гастролдук сапарынын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктап, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раведин “Күн кармаган бала” чыгарамасы кандай күчтүү жазылса, режиссёр Уланмырза Карыпбаев дагы тайманбай спектаклди курч даярдаганын белгилеп, спектакль буга чейин борборго келип коюлганда эл арасында чоң резонансты жаратканын айтты.
Театрга келген көрүүчүлөр Султан Раевдин кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмөсүнө да күбө болушту", - деп айтылат маалыматта.
Аталган музыкалык драма театры эми 3-4-март күндөрү “Ак Кеме” жана “Күн кармаган бала” спектаклин Ош шаарында Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында коёру кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан