Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы чет өлкөдөгү үйүн көрсөттү. Ырчы социалдык тармактагы баракчасына жаңы конушунун ичи тартылган видео менен бөлүшүп, рум-тур кылыңыз дегендер үчүн экенин жазды.
"Сүйүнчү! Жаңы конуш кут болсун. 2 күндөн бери үйдүн ичин тазалап, кийим-кечелерди жайгаштырып, азык-түлүк алып эми бүттүк. Телефонго эми колум тийди. Альхамдулиллах, жаңы конушубузда тиричилик башталды", - деген ырчы.
Эске салсак, буга чейин ал Кыргызстандан убактылуу көчүп кеткенин билдирген. Анын айтымында, жолдошунун жумушуна байланыштуу жашаган жерин өзгөртүүгө туура келген.
Бирок кайсы өлкөгө көчүп кеткенин ачыктаган эмес.