Блогер, алып баруучу Канат Шабданбеков сүйүктүүсүн өзүнүн туулуп өскөн айылы Казарманга алып кетти. Андагы виделор менен ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Туулуп өскөн айылыма аман-эсен келип алдык. Айылдагы байкелерим, кошуналар жана классташ досторум сонун тосуп алышты. Барына рахмат", - деген ал.
Эске салсак, кечээ, 2-мартта Канат Шабданбеков бойдокчулук менен коштошуп, сүйүктүүсү Нургүлгө баш кошкон.