"Сөөгү мекенине алып келинет". АКШда 2 кыргыз жигити жол кырсыгынан каза болду

АКШда жол кырсыгынан 2 кыргызстандык жигит каза болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жүктөлдү.

Полициянын маалыматына караганда, кырсык 3-мартта саат 3:15тер чамасында Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында орун алган.

Анда бир нече унаа кагышып, эки адам каза болду. Алар 20 жана 22 жаштагы жигиттер экени айтылды.

Ал арада Тышкы иштер министрлиги каза болгон Кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталганын билдирди. Алар 2002-жылы туулган Б.А., 2003-жылы туулган Е.Т. экени белгилүү болду.

"Учурда алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан