“Travel Experts” компаниясынын жетекчиси Сергей Глуховеров өзүнүн социалдык баракчасына кыргыздын мурдагы бийи тартылган видео менен бөлүштү.
Ал кыргыздардын бийлери тууралуу маалымат интернет желесинде өтө аз экендигин белгилеген.
"Архивде кыргыздардын бийлери тууралуу өтө аз маалымат сакталып калган. Видеодо сейрек кездешүүчү кадрлар бар. Бул архивдик видео жана сүрөттөрдү чогултуп, сактап калган "Кыргыз элинин фольклордук музыкасы жана бийи" долбооруна рахмат", - деп жазган ал видеонун астына.
Ал эми айрым социалдык тармактын колдонуучулары видео 1924-жылы тартылганын жазышууда.