"Үй-бүлөм үчүн Толкунбектей эмесмин" дейт актёр Саламат Калыбек уулу

SUPER.KG медиа порталынын бул жолку каарманы "Чоочун киши" сериалында Толкунбектин образын жараткан актёр Саламат Калыбек уулу болду.

"Сен жашооңдо деле Толкунбектей көрүнөсүң" дегендер болот" деген каарманыбыз өзүнүн үй-бүлөсү, актёрлук кесиби жөнүндө айтып берди.

"Мен 2018-жылы 23 жашымда үйлөнгөм. Жакында эле экинчи кыздуу болдук. Улуусу май айында 5ке чыгат. Үй-бүлөм үчүн Толкунбектей эмесмин. Эки кызымды, жубайымды эч качан таштабайм", - дейт каарманыбыз.

Жубайы Айсулуу менен студент кезинде эле таанышып, окууну бүткөндө баш кошушканын айткан каарманыбыз "мен чыгармачылыкка жаңы кадам жасап жатканда жанымда болгон киши катары абдан ыраазымын" дейт.

Ошондой эле Саламат Калыбек уулу жаңы үйлөгөн учурда кыйынчылыктар болгонун дагы эскерди.

"Экөөбүз үйдөн бөлүнүп чыкканда иштегени Нарынга кеткенбиз. Мындай айтканда жашообуз "нөлдөн" башталган. Бардыгына өзүбүз акырындан жеттик. Ошондуктан өзүбүз жеткен ар бир нерсе барктуу болду. Ал жактан балалуу болдук. Кыйын учурлардан акырындык менен чогуу чыктык" - деди ал.

Мындан тышкары актёр мырза учурдагы кесиби менен үй-бүлөсүн багып жатканын айтып, "актёрлордун доору келе жатат" дейт.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан