Саламат Калыбек уулу: "Аз болсо дагы атам менен өткөргөн күндөрүмө ыраазымын" 

"Аз болсо дагы атам менен өткөргөн күндөрүмө ыраазымын" дейт "Чоочун киши" сериалында Толкунбектин образын жараткан актёр Саламат Калыбек уулу.

SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу менен маек курган каарманыбыз атасы каза болуп калганын айтып, чыгармачыл адам болгонун эскерди.

"Атам кандай болгон? Акын болгон. Акындык мага атамдан калган. Атам аябай чыгармачыл, китепти көп окуган адам болгон. Мени азыр ошол аталардай боло албай жатканыбыз өкүндүрөт. Кыздарым суроо бергенде билбей калган учураларымда атамды эстейм. Ал киши менин бардык суроолорума жооп берчү эле.

Атам менен көп жүрчүмүн. Бизде айылда чоң токой бар болчу. Ошол жакка отунга атамды ээрчип барчумун. Аз болсо дагы кызыктуу күндөрдү көбүрөөк өткөргөнбүз. Кийин ооруганда эле өзүн жемелеп, көп нерсе жактырбай жүрдү. Атам аябай сезимтал болчу, бардыгын түшүнүп турчу", - деди ал.

Каарманыбыз атасынын атын булгабай жакшы сактап жүрүүнү өзүнө милдет катары көрөрүн белгиледи.

"Калыбектин балдары "мындай болуп кетиптир" дей турган жолго барбаганга аракет кылам. Тескерисинче атамдын кадырын бийик көтөрүп, айылыма даңазалагым келет", - дейт.

Маекти толугу менен SUPER.kg порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан