Бул жылы Орозо айы 11-мартта башталат. Мындай маалыматты бүгүн, 5-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.
Кабарлангандай, 10-мартта таравих намазы окула баштайт.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Ал 10-апрелге белгиленди.