Улуттук филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестрине Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаровдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият, искусство ардагерлери жана ишмерлери менен эл өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Алтынбек Максутов сөз сүйлөп, Чоро Кожомжаровдун ысымы ыйгарылган эстрадалык-симфониялык оркестрине чыгармачылык ийгилик каалап, оркестрде эмгектенип жаткан артисттерине министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды", - деп айтылат маалыматта.