"Ар бир куттуктоого жаш алып жатам". Эл артисти Алтынай Нарбаева 57 жашка толду

Бүгүн, 6-мартта өлкөнүн Эл артисти Алтынай Нарбаева туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 57 жашка толду. Ырчыны SUPER.KG порталы куттуктап байланышканыбызда, жеке майрамын үй бүлөсүнүн, курбуларынын жана жакындарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.

"Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп жолдошум, балдарым куттуктады. Маанайым эң сонун. Анткени таңдан бери маалымат каражаттарынан, кесиптештеримен, жакындарыман, курбуларыман жана бир туугандарыман өзгөчө куттуктоолор келүүдө. Ар бир каалоону окуп, көзүмө жаш алып атам. Азыр салондо сулууланып отурам (күлүп). Салонго келсем, бул жердеги кыздар дагы гүл, торт менен тосуп алып, ыйлатышты.

Өздүк майрамым Аялдардын эл аралык күнүнө жакын болгондуктан, жыл сайын бул күнү башка облустарга барып, аялзатын куттуктап ырдап келем. Бул жылы Ош, Талас облустарына сапар тартып бара жатам. Мындан улам чарчап калам го деп туулган күнүмдү белгилебей эле койсом дегем, бирок балдарым "апа, туулган күн өз учурунда кызыктуу" деп менин ой-боюма койбой дасторкон жайып, өткөрүп бергени жатышат. Макул болдум. Убагында биз балдар үчүн баарын кылсак, эми алар биз үчүн кызмат кылган учур келди окшойт.

Жеке майрамымды кечинде алар тарабынан даярдалган дастаркондун үстүндө үй-бүлөм, курбуларым жана жакындарымдын курчоосунда белгилейм. Негизи туулган күндү өткөргөндү көңүлүм сүйбөйт деле. Бирок көнүлүмө карап, маанайымды көтөрүп жаткан ар бир адамга ыраазычылык билдирем", - деди Алтынай Нарбаева.

Ырчы 1967-жылы дал ушул күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №69-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата Арашан" фольклор элдик ансамблинде жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач Кадыралы Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан.

2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ал эми 2022-жылы Кыргыз Эл артисти наамына татыган. 2013-жылы болсо "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган. Ошондой эле Мирбек Атабеков экөө ырдап чыккан "Өмүр" аттуу ыры 2018-жылы "Супер-Инфонун" тандоосу менен "Жылдын мыкты дуэти" наамын жеңген.

6-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан