Өлкөдө акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында, Жалал-Абад жана Нарын облусунда – 1ден, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.
Өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылганы кошумчаланды.