"Акыркы жылдары туулган күн деле тоспой калдым". Шоумен Улан Барпиев бүгүн 40 жашка толду

Бүгүн, 6-мартта КВНчи, шоумен, тамада Улан Барпиев 40 жашка чыкты. Аны SUPER.KG порталы куттуктап байланышканыбызда, жеке майрамын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын курчоосунда белгилей турганын билдирди.

"Акыркы жылдары туулган күн тоспой деле калдым. Бүгүн туулган күнүмдө балдарым, келинчегим менен эле болом. Эң алгачкылардан болуп жакындарым куттукташты",- деди ал.

Улан Барпиев Таластын Шекер айылында 1984-жылы 6-мартта жарык дүйнөгө келген. Ал Бишкектеги №36-мектепти аяктаган. Шоумен университетте окуп жүрүп КВНде ойноп калган. Андан сырткары ал өзүн актёр катары сынап, казак, өзбек жылдыздары катышкан "Туман" аттуу тасмада роль жараткан. Мындан тышкары "Бажарики", "Бажарики 2", "Разбой" тасмаларындагы рольдору менен да белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан