Жумгалдык "Кузя" кылмыштуу топтон баш тартты

Нарын облусунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-февралда атайын кызмат ИИМ менен биргеликте С.К. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган. Себеби Жумгал районунун С.А. аттуу тургуну С.К. тарабынан сабалганын билдирген.

Анын айтымында, С.К. ага тамак-аш жана спирт ичимдиктерин сатып алууну талап кылып, тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алган.

Бул факты боюнча Жумгал РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Ага ылайык, С.К.нын Куйручук айылындагы жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда анын үйүндө эки жашы жете элек кыз, 2006-жылы туулган Талас облусунун тургуну Т.Н. жана 2008-жылы туулган тургуну С.А. болгон. Алар Бишкек шаарынан конокко келгенин айтышкан. Ошондой эле үйүнөн тапанча табылып, ал боюнча баллистикалык экспертиза дайындалган.

Шектүү С.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми табылган кыздарды жакындарына өткөрүп берүү иштери көрүлүп жатат.

Мындан тышкары 2-мартта УКМК тарабынан С.К.га түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал криминалдык топторго мүчө болуудан жана уурулардын идеясынан баш тарткан.

Кармалган С.К. 1983-жылы Жумгал районунун Куйручук айылында туулган. К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, криминалдык чөйрөдө "Кузя" деген ат менен белгилүү. Бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана "Киши өлтүрүү", "Каракчылык", "Тоноо" боюнча 12 жолу соттолгон.

06.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан