
Өлкөдө жарык эртең менен жана кечинде тагыраагы электр энергиясы көп пайдаланылган учурда 1-1,5 саатка өчүрүлүшү мүмкүн. Мындай чектөө Токтогул ГЭСинин №1 агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого байланыштуу. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, учурда Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Оңдоо иштеринен улам электр станцияларынын учурдагы кубаттуулугу 290 мегаваттка азаят. Мындай кырдаалда электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, аны колдонууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде жарыкка эң көп жүктөм болгон учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Ал арада энергетика министри Таалайбек Ибраев Орозо айында ооз ачар учурунда жарыкты өчүрбөөгө аракет кылышарын билдирди. Мындан сырткары, ал таравих намазын окуу үчүн мечиттерде жарыкты үзгүлтүккө учуратпай, керек болсо генераторлорду коюп берерин убадалады.
Энергетика министрлиги жана "Улуттук электр тармагы" ишканасы керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу колдонуп, жарыкты көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта, өзгөчө кечинде жана эртең менен күйгүзбөөгө чакырат.