Бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Царский двор" кафесинен ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 15:03төн баштап күжүрмөн эсептер тартылып, жалын саат 15:20да чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүүдө.
Январь айынын башында бул кафе дарактарды кыйган үчүн жабылган.