Өзгөндө мал уурулук  менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Өзгөндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-февралда Өзгөн РИИБине Төрт-Көл айыл аймагынын М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 22-февралга караган түнү мал сарайынан бир баш мал жандыгын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында, 2004-жылы туулган М. уулу Э., 2005-жылы туулган А. уулу А. жана П.А. аттуу Өзгөн районунун тургундары кармалып, камакка алынышты.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан